Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:10

ЕККУ кыргыз бийлигин эркин басма сөздү коркутууну токтотууга чакырды


Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү кыргыз бийлигинин дарегине карата мындай чакырыкты журналисттерге жасалган соңку кол салуулар, анын ичинде журналист Геннадий Павлюк Алматыда киши колдуу болгондон кийин жасап олтурат. Миклош Харашти кыргыз тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаевге жолдогон катында : “Журналисттерге карата зордук –зомбулук соңку айларда күчөп кетти. Кыргыз өкмөтү Кыргызстанда прессанын коопсуздуздугу боюнча кризис бар экендигин ачык моюнга алуусу жана аны кадимки эле кылмыш ирээтинде карай берүүнү токтотуусу керек”,- деп белгилейт. Андан ары ЕККУнун Басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү кыргыз тышкы иштер министрине жолдогон катында: “Маалымат каражаттарына каршы зордук –зомбулук кол салууга туш болгон адамдардын чегинен чыгып кетти. Ал бүткүл эркин басма сөзгө цензура киргизүүгө багытталган. Ошондуктан, массалык маалымат каражаттарынын зордук –зобулук менен коркутулуусуна каршы күрөш басма сөз эркиндиги боюнча ЕККУ алдындагы милдеттемелерди аткаруу үчүн чечүүгө мааниге ээ”,- деп жазат.

Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк Алматынын ооруканасында
эч –учуна келе албай жатып, кечээ каза тапты. Ал көп кабаттуу үйдүн алтынчы кабатынан колу –буту таңылган абалда ыргытылган. ЕККУнун өкүлү өз катында Кыргызстанды бул кылмыш ишин тергөөдө коңшу Казакстандын укук коргоо органдарына көмөктөшүүгө да үндөдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG