Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Кытайда бүгүн таанымал диссиденттин иши сотто каралды


Лю Сяобо социалисттик түзүлүштү кулатууга шыкак берген деген айып менен камакка алынган. 1989-жылы Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында студенттик демонстрацияга катышкан Лю окумуштуу жана өкмөттүн сынчысы катары белгилүү. Акыркы ирээт ал 2008-жылдын декабарында кармалып, үй камагына отургузулган. Бул окуя укук коргоочулардын “Хартия 08” деген ат менен кытай жетекчилигине жолдонгон, адам укуктарын жана демократияны талап кылган ачык каты жарыяланар алдында болгон. Диссиденттин иши боюнча өкүм 25 –декабрда чыгарылары күтүлүүдө. АКШ жана Евробиримдик расмий Бээжинди Лю Сяобону бошотууга чакырган. Бүгүнкү сот жараянына алар өз дипломаттарын жиберди, бирок эки саатка созулган отурумга дипломаттардын байкоочу катары катышуусуна уруксат берилген жок.

XS
SM
MD
LG