Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Орусиянын Жогорку соту Ходорковскийдин шеригинин камалышын мыйзамсыз деп тапты


Орусиянын Жогорку соту бул ишти Адам укуктары боюнча Европа сотунун мындан эки жыл мурунку чечимине байланыштуу карады. Анда Европа соту мурдагы олигарх Михаил Ходорковскийдин ишкер шериги Платон Лебедев камакка алынганда жана сотко чейинки абак жайда укугу бузулган деп тапкан. Орусиянын бир кездеги эң бай адамы Ходорковский жана анын өнөктөшү Лебедев азыр сегиз жылдык жаза мөөнөтүн өтөшүүдө. Алар Орусиянын Кылмыш кодексинин бир нече беренеси, анын ичинде көз бойомочулукка барганы, салык төлөөдөн качканы үчүн күнөөлүү деп табылышкан. Лебедевдин адвокатынын айтымында, Жогорку соттун бүгүнкү анын камактагы маккамын өзгөртпөйт. Жаңы кылмыш ишине байланыштуу Лебедев абакта кала бермекчи. Ходорковский менен Лебедевдин үстүнөн азыр бирөөнүн мүлкүн өзүнө ыйгарып алган деген айыптын негизинде жаңы сот жүрүүдө. Алар жыйырма жылга чейин эркинен ажыратылуусу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG