Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

Грузияда кулатылган эстелик Москвада калыбына келтирилет


Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын Грузияда бузулган эстелиги Москвада калыбына келтирилери тууралуу мэр Юрий Лужков билдирди. Москванын шаар башчысынын айтымында, бузулган эстеликтин автору, Грузиянын совет доорундагы скульптору Мираб Бердзенишвилиге эстеликти калыбына келтирүүдө жардам берүү өтүнүчү жолдонот. Кутаиси шаарында жайгашкан, бийиктиги 50 мерт келген эстелик ушул жекшемби күнү буздурулган. Аны кулатуу учурунда кырсык болуп, жолдон өтүп бара жаткан бир аял жана анын кызы каза тапкан эле. Грузин өкмөтүнүн билдиргенине караганда, эстелик турган жерге парламенттин кээ бир жыйындары өтүүчү имарат курулат.

XS
SM
MD
LG