Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Бүгүн журналист Г.Павлюктун сөөгү жерге берилет


Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун сөөгү бүгүн Ысык-Көл районундагы Караой айылында жерге берилет. Ал каза болоорунан мурда керээз жазып, кокустан каза болсо сөөгүн туулуп өскөн Карой айылында көмүүнү өтүнүптүр. Геннадий Павлюк 1958-жылы 11-августта туулган. Анын Ибрагим Рустамбек деген псевдоним менен жазган курч макалалары “Белый парус”, “Аргументы и факты”, «Комсомольская правда в Кыргызстане» жана башка гезиттерде чыгып келген. Акыркы мезгилде “Белый парус” басылмасынын редактору болуп иштеп, “Ата Мекен” партиясы менен кызматташып, Ата Мекен деген интернет-сайт ачууга даярдык көрүп жүргөн.
Журналист Геннадий Павлюк 16-декабрдын түнү Алматыда Фурманов көчөсүндөгү 77-үйдүн жанында оор абалда табылып, ооруканада эсине келбей 22-декабрдын таңында кайтыш болду. Маалыматтарга караганда журналистке атайын кол салуу болуп, аны көп кабаттуу үйдүн алтынчы кабатынан колу-бутун таңып туруп ыргытып жиберишкен. Учурда Алмата шаардык ички иштер министрлиги бул окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Кечээ Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү кыргыз бийлигин эркин басма сөздү коркутууну токтотууга чакырды.
(AJ)

XS
SM
MD
LG