Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:04

АКШ: Иран өзүн “полицай мамлекет” кылып көрсөтүүдө


АКШнын Мамдепартаменти муну Ирандагы оппозициялык демонстрация күч менен таркатылгандан кийин айтты. Департаменттин расмий өкүлү Филип Кроули “Расмий Тегеран ирандыктардын каалоо-тилектерин ачык билдирүүгө багытталган иш-чараларды басууга болгон күчүн жумшап жатат”, - деди. Шаршембиде Исфаханда нааразылык акциясын өткөрөм дегендердин 20сы полиция тарабынан кармалган. Оппозиция быйыл июндагы шайлоодон бери бийликтерге нааразы экендигин билдирген демонстрацияларды уюштуруп келатат.

XS
SM
MD
LG