Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Жогорку Кеңеш 2010-жылдын бюджет долбоорун кабыл алды


Жогорку Кеңеш бүгүн өз отурумунда “2010-жылдын бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолдор тууралуу” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Каржы министри Марат Султановдун айтымында, ички дүң продукту 240 млрд.сом түзөт. Ошондой эле баардык тармактар боюнча өсүш күтүлүүдө. Мисалы өнөр-жайда 2, 9 пайыз, айыл-чарбада 2,2 ал эми курулушта он жети жарым пайыз өсүш болоору божомолдонууда. Эмдиги жылы инфляция денгээли он пайызды түзөт. Ал эми бюджеттин киреше бөлүгү 51,6 млрд.сом, чыгаша 65,2 млрд.сомду түзөөрү пландаштырылган. Чыгашанын он төрт миллиарддан көбү мамлекеттик аппаратка жумшалат. (AiJu)

XS
SM
MD
LG