Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Грузия - Орусия чек арасы кайра ачылмакчы


Грузиянын Тышкы иштер министринин орун басары Нино Каландадзенин маалыматы боюнча, орус-грузин чатагынан кийин жабылган «Жогорку Ларс» чек ара өтмө бекети 2010-жылдын жазында кайра ачылышы ыктымал. Бул боюнча Москва менен Тбилисинин ортосунда алдын ала макулдашуу болду. Орус маалымат каражаттарынын жазышынча Грузия менен Орусия ортосундагы дагы бир Казбек өткөрмө бекети да ачылышы мүмкүн. Москва 2008-жылдын августундагы окуялардан кийин Грузияга каршы бир катар санкцияларды киргизип, Грузиянын мөмө-жемиштерине жана виносуна ички рыногун жаап салган болчу.

XS
SM
MD
LG