Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:44

Коомдук парламент журналисттерди жок кылууну токтотууну талап кылууда


Коомдук парламент журналист Павлюктун өлүмүнө байланыштуу бүгүн таркаткан билдирүүдө учурда Кыргызстанда бир дагы адам зөөкүрлүктөн корголгон эмес деп айтылат. Соңку төрт жылда өлкөдө атайын адам өлтүрүлөр такай орун алууда. Журналист Павлюктун мыкаачылык менен өлтүрүлүшү анын кесиби менен түздөн-түз байланыштуу. "Эгер кимдир бирөө ушундай ырайымсыз аракеттер менен Кыргызстандын элин коркутуп үркүтөм десе, жарандык күч-кубатты жок кылам десе, анда катуу жаңылышат. Кылмыштуу күчкө таянган бардык режимдер көпкө узабайт, ташы талкан болот",-деп айтылат билдирүудө. Коомдук парламент оппозициялык саясатчыларды, журналисттерди жана активисттерди жок кылуу жана коркутуу аракеттерин токтотууну талап кылган. Ошондой эле журналисттин өлүмү жөнүндө ооз ачпай отуруп алган маалымат каражаттарын сынга алып, бул көрүнүштү өлкөдө "цензуранын бар экендигинин даана далили" деп белгилеген. (GA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG