Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:28

Грузияга качкан «чыккынчынын» Орусияга кайткысы жок


Виталий Хрипун Грузиядан саясий баш калканч сурады, 23-декабр, 2009-жыл.

Виталий Хрипун Грузиядан саясий баш калканч сурады, 23-декабр, 2009-жыл.

Жакында Орусиянын Федералдык Чалгын кызматынын Түштүк Осетиядагы кызматкери Грузияга качып өткөн эле. Чек ара кызматында иштеген прапорщик Виталий Хрипун жакында "Азаттыктын" бир катар суроолоруна жооп берди.

Чалгынчы душман тарапка, болгондо да Орусиядай чоң мамлекеттен Грузия өңдөнгөн чакан өлкөгө өтө качышы, албетте, күндө боло турган окуя эмес. Азаттыктын жаңы ачылган Абхазияга жана Түштүк Осетияга орус тилинде уктуруулучу «Кавказ жаңырыгы» программасынын кабарчысы Олеся Вартанян 22-декабрда түбү украиналык, Мурманскиде өсүп, ошол жакта билим алган Виталий Хрипун менен Тбилисиде жолугушту.

Соода кемесинин офицерлигине окуп, орус армиясына 2004-жылы өткөн 25 жаштагы Хрипун Федералдык Чалгын кызматына мындан болгону 2 жылча мурда келген. Мурманскиде иштеп, Осетияга үстүбүздөгү айдын башында жөнөтүлгөн. Орусия менен Грузиянын ортосундагы былтыркы согуштан кийин Москва өз алдынчалыгын тааныган Түштүк Осетияда кызмат өтөөнү өзү чечкен, кантсе да айлыкты дээрлик эки эсе алат, кызматынан көтөрүлүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт, анын үстүнө «бир тууган осетиндерди канкор грузиндерден коргошубуз керек» деген үгүткө ишенген. Бирок жеринде көп нерсе өзү ойлогондой эмес экенине тез эле көзү жеткен:

- Жашоо-шарт өтө жаман болчу деп айта албайм, керектүү нерсенин баары бар, ал эми кызматка келсек, менин Грузия тарапка өткөнүмдүн башкы себеби, адам адам бойдон калышы керек. Буйрук адамдын намысына тийээрин билип турасың, бирок ага баш ийишиң керек, анткени армияда буйрук деген буйрук.

Хрипунду Түштүк Осетияга барган биринчи эле күндөрү элдин колунда курал көп экендиги таң калтырган. Түн ортосунда асманга ок атышканда, айыл тургундары көңүл ачып жатышат, бул жакта ушундай адат болуп калды деп айтышкан. Андан сырткары Түштүк Осетияда турган орус армиясында коррупция күчтүү экенин, Грузия менен соода-сатыкка тыюу салгандыктан, карапайым адамдардын турмушу кыйындап кеткенин көрөт. Жакында Грузиянын Кутаиси шаарында Лениндин эстелиги алынып салынгандан кийин дагы жаңы буйруктар түшкөн:

- Мисалы, Грузия атуулдарынын паспорту да Грузияныкы, ал жакта көпчүлүктүн колунда грузин документи бар. Биз тарап аларды кемсинтип, барып паспортуңду котортуп, нотариустан мөөр бастырып кел дешет. Ансыз келерки айда сени чек арадан өткөрбөйт. Кээ бир айылдар баш калаа Тбилисиден, же Гори сыяктуу чоң шаарлардан алыс жайгашкан, нотариус деген эмне экенин билбегендер бар. Же айталы, Түтүк Осетиядан ун алып чыкканда тыюу салынган. Чек аранын эки жагында калган айылдар бар, бир жагында ун бар, экинчи жагында ун жок, ачка отурушат.

Орусиялык чалгын кызматкери ошондой эле Түштүк Осетияда ФСБнин көптөгөн чалгынчылары жүргөнүн, Орусия Грузияда ички согуш чыгат деп күтүп жатканын, андай болсо эле чек араны Тбилисиге дагы жакындатып жылдырат деген кеп тараганын белгилейт. Анын айтымында, жергиликтүү элдин арасында орус армиясынын бизге эмне кереги бар дегендер бар, бирок ага каршы көтөрүлгөнгө даашпайт.

Мурманскиде энеси, карындашы калган жаш прапорщик Орусияга кайра кайтып бара алам деп ойлобойт:

- Эгер мен кайтсам, бөркүңүздөй көрүңүз, ФСБ мени эч качан кечирбейт. Эгер унчукпай кайра барсам, күнөө менде деп кечирим сурасам бир жөн эле, билмексенге салып коюшмак. Бирок мен Түштүк Осетияда эмне болуп атканын айтып чыккандан кийин, ФСБ мени эч качан кечирбейт.

Виталий Хрипун Грузиядан саясий баш калканч алгандан кийин деңиз күчтөрүндө, бирок аскердик эмес кызматка кайтып келүүгө ниеттенүүдө, себеби ал Орусияга каршы согуша тургандай абалда калгысы келбейт.
XS
SM
MD
LG