Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

Эртең президент катышкан жаңы жылдык оюн-зоок болот


Мамлекет башчы К. Бакиев катышкан жаңы жылдык оюн-зоок Кыргыз улуттук опера жана балет театрында болот. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жаңы жылдык оюн-зоокко 7 жаштан 14 жашка чейинки окуунун мыктылары, балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, бардыгы болуп 800 окуучу чакырылган. Алардын төрт жүзү региондордон келишет. Жаңы жылдык майрамдын ар бир катышуучусуна таттуулар жана белектер тапшырылат. (KCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG