Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

Бүгүн президенттин катышуусунда балаты майрамы өткөрүлөт


А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында президент Курманбек Бакиевдин катышуусу менен балдарга арналган жаңы жылдык оюн-зоок болот. Жаңы жылдык оюн-зоокко 7 жаштан 14 жашка чейинки окуунун мыктылары, балдар үйлөрүнүн жана мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, бардыгы болуп 800 окуучу чакырылган. Алардын төрт жүзү региондордон келишет. Жаңы жылдык майрамдын ар бир катышуучусуна таттуулар жана белектер тапшырылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG