Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Түркияда журналисттер башкесерлердин курмандыгы болууда


Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган парламентте. 2009-жылдын 13-ноябры.н
Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган парламентте. 2009-жылдын 13-ноябры.н

Өткөн аптада Түркияда бир журналисттин өмүрүнө кол салуу окуясы өлкөдөгү басма сөз эркиндигинин абалы жөнүндөгү талаш-тартыштарды ого бетер күчөтүп жиберди. Басма сөз кызматкерлерине кол салуулардын кийинки мезгилде көрүнөө түрдө күчөшүн айрым чөйрөлөр бийликтин маселеге олуттуу чара көргүсү келбегенинин натыйжасы катары баалоодо.

Мармаралык журналист киши колдуу болду

Өткөн жума күнү (18-декабрда) Түркиянын Бандырма шаарчасында Исмаил Жихан Хайырсевенер (Ismail Cihan Hayirsevener) ысымындагы бир журналист себеби ушу тапка чейин билинбеген бир баш кесерликтин курмандыгы болду.


Исмаил Жихан Хайырсевенер (Ismail Cihan Hayirsevener) 53 жашта болчу. ЮНЕСКО.


Окуядан көп өтпөй туруп, аны аткан деп айыпталган 29 жаштагы киши кармалды.


Ал алгачкы суракта өлгөн киши менен өзүнүн ортосунда жеке касташуу болгонун айтса дагы, медиа каражаттары өлкөдө журналисттерге кол салуулардын күчөшүнө сын көтөрө албаган бийликтин мындай окуяларга каршы олуттуу чара көрбөй жатканы себеп болуп жатканын билдиришүүдө.


Коомчулуктун тынчсыздануусу


Жихан Хайырсевенердин өмүрүнө кол салууну жергиликтүү жана эл аралык медиа каражаттары да сынга алууда.

Баш кеңсеси Вена калаасына жайлашкан Эл аралык пресса институту аптанын башында билдирүү жарыялап, окуяны кескин сынга алды. Институттун билдирүүсүнө ылайык, атылып өлтүрүлгөн журналист коррупция чуулганын иликтеп жаткан экен. Ошондой эле ал бир нече жолу белгисиз кишилер тарабынан үркүтүп-коркутулган.

Институт түркиялык бийликти баш кесерлерди тез арада кармап полицияга тапшырууга чакыргандан көп өтпөй эле шектүү киши кармалды жана полиция дагы эки шектүү адамды издеп жатат.

Бийликтин медианы жана журналисттерди оор тил менен тилдеп, аларды куугунтукка алгандан улам пайда болгон кырдаал кишилерди мындайча башкесерлике түрткүлөп жатат” деп айтылат институттун билдирүүсүндө.

Эл аралык пресса институту мындан илгери Түркиядагы басма сөз эркиндигинин абалы тууралуу тынчсыздануу билдирген.

"Эргенекон" соту жана журналисттер

Учурда бир канча атактуу журналист “Эргенекон” чуулганы менен байланыштуу абакта олтурат.

Бейшемби күнү (24-декабрда) жазуучу-журналист Тайар Шамил сот жараяны жүрүп жаткан окуялар тууралуу китеп жазды деген айыптоо менен 1 жыл 8 айга эркинен ажыратылды.

Эргенекон чуулганына катышы болгон деп шектелип, мындан бир жыл илгери тергөө абагына алынган таанымал журналист, өкмөттүн көшөргөн сынчысы Тунжай Өзкан кечээ күнү сот олтурумунда чыгып сүйлөп, башкаруудагы партиянын бир депутаты ‘мени өлтүрткөнгө аракет жасады’ деп доо кылды.

Журналист Өзкандын дооматын Ак Партиянын депутаты Илхан Арслан мырза жеке бир сыналгы каналында жөн эле сандырактык деп жооп кайтарды.

Бул жөн эле сандырактык деп айтаар элем. Эгерде андай бир окуя болгон экен, эмне үчүн бүгүнгө чейин унчукпады. Мен ойлойм ал, жөн эле күн тартибинен алагды кылгысы келип жатат”, - деп төгүндөдү Илхан Арслан.

АКП жана басма сөз

Башкаруудагы Ак Партия жана өзгөчө премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын айрым басма сөз курулуштары менен мамилеси анча дурус эмес.

Өкүмөттүн саясаттарына каршы чыгып жүрүп таанылган медиа шаасы Доган Холдинг каржылык бир чатак менен байланыштуу 2 жарым миллиард доллар айып пулга жыгылды.

Өкмөт бул жөн эле, мыйзамдык маселе экенин билдирип жатканына карабастан, айрым чөйрөлөр, өкүмөттү сын пикирди көтөрө албайт деп айыпташууда.
XS
SM
MD
LG