Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:39

Кыргызстандын Акыйкатчысы Баткенде иш сапарда жүрөт


Бүгүн Турсунбек Акун катышкан Баткендеги Акыйкатчынын өкүлүнүн жылдык отчету коомчулуктун жалпы катышуусу менен угулат. Андан кийин Т.Акун Лейлек районундагы Кулунду айылында жолугушуу өткөрөт. Бул айылда Акыйкатчы Турсунбек Акун төрөлгөн. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди. 24-декабрда Баткен облусунда башталган иш сапарында Акыйкатчы алыскы чек ара райондордун тургундары менен жолугушуп, жабык мекемелерде кармалгандардын абалы менен таанышат. Акыйкатчы буга чейин мындай иш сапары менен Жалал-Абад жана Талас областарында болгон. (GA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG