Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:44

Ишенбай Кадырбековдун соту болууда


Ленин райондук сотунда Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун үстүнөн сот отуруму болууда. Бул тууралуу анын ишенимдүү адамдарынын бири “Азаттыкка” маалымдады. Ишенбай Кадырбеков бир жылга чукул Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагында кармалгандан кийин ушул жылдын апрель айында баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Каржы полициясы ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген негизде бир катар кылмыш беренелери боюнча күнөө койгон. Ал эми Ишенбай Кадырбеков коюлган күнөөлөрдү четке кагып келген. (GA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG