Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:27

Кытайда белгилүү диссидент 11 жылга соттолду


Кытайда белгилүү диссидент Лиу Шиаобо мамлекеттик бийликти кулатууга аракет кылган деген айып менен 11 жылга эркинен ажыратылды. Мындай өкүм бүгүн үч саатка созулган соттук жараяндан кийин чыкты.
53 жаштагы диссидент Тяньаньмэнь аянтында 1989-жылы өткөн массалык нааразылык акциясына катышканы үчүн өткөн жылы камакка алынган болчу. Ал жолку митингде укук коргоочулар сөз эркиндиги, адам укуктары жана эркин, адилет шайлоолор маселеси козголуп, атайын манифест кабыл алынган болчу. Кошмо Штаттары менен Еврошаркет Луи Шиаобону камактан бошотууга чакырды эле Кытайдын бийлиги муну мамлекеттин ички ишине киришүү деп, четке какты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG