Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Румын диктаторунун атылганына 20 жыл толду


Бүгүн Румыниянын диктатору Николае Чаушеску менен анын аялы Еленанын эл көзүнчө жазаланганына 20 жыл толду. Румыниядагы ал жолку толкундоолорго каршы мамлекетти 25 жыл башкарган диктатор армияны колдонгон. 17-декабрдагы кагылышууларда ырасмий маалымат боюнча 1100 адам курман болгон. Ошондон кийин жаалданган эл коммунисттик режимди кулаткан. 1989-жылы 25-декабрда Николае Чаушеску аялы менен бирге Тырговиште деген чакан шаарда качып бараткан жеринен кармалган, алардын үстүнөн болгон сот өлүм жазасын чектеген. Соттун өкүмү дароо аткарылып, ал ошол жерде элдин көзүнчө аялы менен бирге атылган болчу.
Румыния 2007-жылдан бери Еврошаркеттин мүчөсү.

XS
SM
MD
LG