Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

Балыкчы соту төрт кишини эркинен ажыратты


Бүгүнкү сот отурумунда төрт киши ( СДП төрагасы А.Атамбаевдин президенттикке талапкер учурундагы Балыкчыдагы ишенимдүү өкүлү Гүлнара Жамгырчиева, дагы бир ишенимдүү өкүлү Белек Касымов, Социал-демократтар партиясынын Балыкчы боюнча координатору Мирлан Бообеков жана ЖКдагы СДП фракциясынын депутаты Мирбек Асанакуновдун иниси Бакыт Асанакунов) төрт жылга эркинен ажыратылып, калган 14 киши шарттуу түрдө экиден үч жылга чейин кесилди. Соттун чечими он күндүн ичинде күчүнө кирет. Соттук жараянга Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев да катышып, ал бул маселенин аягына чыгып, актап берем деп убада кылды.

Сот өкүмүн угузган соң айыпталуучулар тил кат жазышты. Алардын бири Белек Касымов күнөөлүү эместигин, соттун чечимине макул эместигин белгилеген. Бул тууралуу Ысык-Көлдөн кабарчыбыз Рита Нурмамбет кызы кабарлады.

Соттолгондор президенттик шайлоого тоскоол болду, башаламандык уюштурду жана Баш мыйзамдагы беренелерди бузууга аракет кылды деген беренелер боюнча айыпталып жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG