Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

ЭрК партиясынын өкүлү Кара-Суунун акимин сотко берди


Аталган партиянын төрагасынын биринчи орун басары Юруслан Истанов “Азаттыкка” кабарлашынча, Кара-Суу районунда айыл округдарынын башчыларын шайлоо кадимкидей бизнеске айланды. Мамлекеттик кызматтарды аркалаган, тажрыйбасы мол жана калк арасында кадыр-баркка ээ кишилер бийликке жолотулбастан, жүүнү бош, чөнтөгү калыңдар чечүүчү кызматтарга көтөрүлүүдө. Мисалы, партия үч мүчөсүн бошогон орундарга талапкер катары көрсөткөн эле, бирок райаким Байыш Юсупов алардын баарын шайлоого катыштыруудан баш тартты. Ошондуктан партия маселеге сот аркылуу чекит коюуну чечти.

Кара-Суу райондук мамлекеттик акимчилигинен болсо айрым айыл округдарынын башчыларын шайлоодо мыйзам бузуулар болбогондугун белгилешти. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG