Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Рим Папасы адамзатты боорукерликке чакырды


Ушул күндөрү Ыйсанын туулган күнү белгиленип жатат. Бүгүн Рим Папасы Бенедикт XVI Ватиканда «Шаарларга жана дүйнөгө» деген майрамдык салттуу кайрылуусун жасады. Ал 10 миңдей адамдын алдында туруп, адамзатты моралдык кризисти жеңүүгө, ал эми бай мамлекеттерди ачкачылык менен куугунтуктардан качкан жарды өлкөлөрдүн мигранттарына жардам берүүгө чакырды.

" Өзүңөрдүн тар дүйнөңөрдү таштап, турмушта эмне болуп жатканына кызыккыла, чындык гана баардык адамдарды бириктире алат", - деди Рим Папасы

Кечээ кечинде Ыйсаны туулган күнүнө байланыштуу Ватиканда өткөн майрамдык таат жүргүзүү маалында 25 жаштагы Сузанна Майоло атту кыз чуркап барып Рим Папасын кучактай жыгылган. 82 жаштагы Бенедикт ордунан тез эле туруп, ибадат жүргүзүүнү андан ары улантканга жарады. Коопсуздук кызматы Сузанна Майолону кармап, кийин ал оорканага жаткырылды. Ватикандын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, ал акыл оорусунан жабыр тартышы ыктымал. Ал ошондой эле Швейцария менен Италиянын кош жарандыгын алганы белгилүү болду.

Рим Папасы менен бирге бараткан Франциянын кардиналы Роджер Эчегерай дагы аталган окуя маалында жерге жыгылган, анын буту сынып, ооруканага жаткарылды.

XS
SM
MD
LG