Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Өзбекстандын «сырты жалтырак» шайлоосу


Ислам Каримовдун "басмайылы" дале былк этпеген бойдон
Ислам Каримовдун "басмайылы" дале былк этпеген бойдон

Өзбекстанда 27-декабрда парламенттик шайлоо өтөт. Бул күнү парламенттин кеңейтилген төмөнкү Мыйзам чыгаруу палатасындагы 135 орун үчүн добуш берилет. Добуш берүү буга чейинки шайлоолордой эле демократияга шайкеш келбегени менен анын сырт көрүнүшүндө «демократиялык» айрым өңүттөр болоору айтылууда.

Өзбекстандагы шайлоо өнөктүгүндө каттоодогу төрт партия бири-бирин сынга алышууда. Сөз эркиндиги көзөмөлдөгү, адам укуктары чектелген өлкөдө ушунун өзү эле шайлоочуларга «нагыз» демократиядай көрүнүшү мүмкүн, бирок партиялар ортосундагы кайым айтышуу коомдук турмуштун талуу маселелерин, өкмөттүк реформалар боюнча курч суроолорду кыйгап өтүп, көбүнесе бири-бирине асылмай менен чектелүүдө.

Өлкөдө бүгүн каттоодо төрт партияда бар. Элдик Демпартия, "Адолат" Социалисттик Демпартия, "Мили Тикланиш" же Улуттук кайра жаралуу, жана Либералдык Демпартия. 2007-жылдагы президенттик шайлоодо алар бир ооздон президент Ислам Каримовду өздөрүнүн талапкери катары көрсөтүшкөн.

Каримов ал ирет жаңы түзүлгөн Либералдык Демпартиянын сунушун кабыл алган. Андан бир нече жыл мурда Каримов Өзбекстандагы партиялар бир бирине куюп койгондой окшоштугун сынга алган эле. Азыр эми шайлоонун алдында айрым партиялар мына ушул сын пикирден сабак алгандыгын көрсөтүп, бир бирин сындаганга өтүштү.

Адолат партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Камола Хамидова 21-декабрда ЛДП партиясына мындайча кине койду:

– ЛДП өзү ишкерлердин партиясы, бирок өз шайлоочулары менен кызматташа албайт. Алар өз мүчөлөрүнүн да укуктарын коргобойт деп угуп жүрөбүз.

Мурдагы коммунисттик, азыркы Элдик демократиялык партиянын «Өзбекстан добушу» деген гезити да октябрдын сегизиндеги санында ЛДПны бутага алып, «бул партия өзүн көкөлөтө мактап, башкалар туурасында орунсуз сүйлөйт» деп жазган эле.

2004тө ЛДП биринчи жолу шайлоого катышып, дароо эле парламенттеги добуштардын көпчүлүгүн жеңип алган. Ал эми Элдик Демократтар мүчөлөрүнүн саны боюнча Өзбекстандагы эң ири партия болгону менен, 2000-жылдан бери мүчөлөрүнүн саны эки эсеге кыскарып кеткен. Октябрда партиянын төрагасы Латиф Гулонов «ар бир шайлоо чөлкөмүндөгү ар бир орун үчүн күрөшөрүн» жарыялаган.

Быйылкы парламенттик шайлоонун олуттуу өзгөчөлүгү көз карандысыз талапкерлерге тыю салынганы болуп калды. Буга чейин Өзбекстандын шайлоо мыйзамы көз карандысыз жана демилгечил топтордун талапкерлерине мүмкүндүк берчү. Быйыл катталган төрт партиядан гана шайлануу мүмкүн. Алардын ичинде да каалаган эле талапкер боло албайт.

Камиля Садыкова
ЛДП партиясынан, ал өз партиясынан тизмеге илинбей калганда, анын себеби "Азаттыктын" өзбек кызматына мындайча билдирди:

Менин жогорку билимин бар. Мага акчанын кереги жок, мага өкмөттүк кызматтын да кереги жок. Мен өз өмүрүмдү өлкөм, президент үчүн садага чапканга даярмын. Бирок мени ээлеген кызмат ордуң жок, өкмөттө сени колдогон кишиң да жок деп талапкердигимди каттабай коюшту. Алар мени шылдыңдап, талапкерлердин тизмеси эбак түзүлгөн деп айтышты, бирок мыйзам боюнча, талапкердигимди койгонго менде дагы убакыт бар болчу. Бул тууралуу президент Каримов билбейт болуш керек.

Камиля Садыкова тизмеге илингенде, быйыл парламентке өтүп кетиши мүмкүн болчу, анткени жакында парламенттеги орундардын 30 пайызын аялдарга берүү тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG