Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Карамушкина парламенттик угуу өткөрүүнү сунуш кылды


Бүгүн парламент сессиясында СДП фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина парламенттик угуу өткөрүү сунушун акыркы учурда журналисттерге кол салууларга байланыштырды. Депутат парламенттик угууда президенттин катчылыгынын, тартип коргоо жана башка тиешелүү тараптардын маалыматтарын угуу керек деп эсептеди. Карамушкина журналисттердин коопсуздугуна шек келтирген учурларга маани бербей жатат деп бийликти сындады. Карамушкина өз демилгесин акыркы окуяга - запкыдан өлгөн журналист Геннадий Павлюкка байланыштырды.
Ушул эле парламент отурумуна чакырылган ИИМ министри Молдомуса Конгантиев оппозициячыл депутаттын дооматын колдогон жок. (BuS)

XS
SM
MD
LG