Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

Ватикан коопсуздук чараларын кайра карайт


Бул тууралуу кечээ Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган диний жөрөлгө башталар алдында болгон окуядан кийин айтылып олтурат. Анда диний жөрөлгө келген аялдардын бири Рим папасы Бенендикт XVIы Ватикандагы Ыйык Петр соборуна кирип келгенде, тосмодон секирип чыгуу менен аны жакасынан тартып, жерге жыккан эле. Ватикандын өкүлү Федерико Ломбардинин айтымында, адатта ири диний жөрөлгөлөр учурунда миңдеген адамдар курчап тургандыктан Папа үчүн эч кынтыксыз коопсуздукту камсыздоо мүмкүн эмес. Бирок Ватикандын коопсуздукту тейлеген өкүлдөрү жума күнкү окуядан сабак алууга аракеттенет. Расмий өкүлдөрдун айтымында, жерге жыгылуудан Рим папасы эч жабыр тарткан жок, дароо эле кайра туруп, диний жөрөлгөнү уланткан. Ал эми ага кол салган, 25 жаштагы айымдын акыл-эси ордунда эмес болуп чыкты жана ооруканага жеткирилди. Ал бир эле учурда Швейцариянын да, Италиянын да жараны экен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG