Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:10

Баткендеги санарип телекөрсөтүүнүн мүчүлүштүктөрү


Баткен облусунда таратылган санариптик сыналгы көрсөтүүлөрдү кабылдагычтар программалык камсыздоосу туура келбей, оңтойсуздукту жаратууда. Мындай пикирин Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таалайбек Эшалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлнара Дербишеванын "Баткенге таратылган санариптик берүүлөрдү кармай турган ресиверлердин жарымы жараксыз болуп чыгууда" деген сынына жооп катары билдирди.

“Бул мүчүлүштүк санариптик түйүн аркылуу эле чечиле турган маселе”- деп ишендирди Эшалиев. Анын айтымында, бул мүчүлүштүктү жоюунун эки жолу бар. Ал мамлекет буга чейин өзү тараткан ресиверлерди кайтарып алып, ордуна жаңысын берүү же түйүн аркылуу программалык камсыздоосун жаңылоо. Болгону кабылдагычтар учурда Баткенде иштеп жаткан көрсөтүү системасынан кыйла эски болууда. (SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG