Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:44

Ө. Текебаев: Павлюкту Алматыга алдап чакырышкан


Казакстан полициясынын иликтөө иштери кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө тиешелүү жаңы фактыларды аныкташкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев 26-декабрда маалымдады. Саясатчынын айтымында, Павлюктун электрондук почтасын текшерүүнүн натыйжасында буга чейин бир нече убакыт аралыгында журналистке Алматыдан ММКны колдоо боюнча белгисиз эл аралык уюм атынан сунуш түшкөн. Алар журналистке 80 миң АКШ долларын колдоо иретинде бермек болгон. Павлюк чакырууну жеке өзү текшерүүгө алып ишеним артып барганы анык болду. "Бул Павлюкту атайылап Кыргызстандын аймагынан алып чыгып кетүү тузагы болчу”, - деп белгилейт саясатчы Өмүрбек Текебаев.

Журналист Геннадий Павлюк 16-декабрдын түнү Алматыда оор абалда табылып, ооруканада эсине келбей 22-декабрдын таңында кайтыш болгон. Маалыматтарга караганда, журналистке атайын кол салуу болуп, аны көп кабаттуу үйдүн алтынчы кабатынан колу-бутун таңып ыргытып жиберишкен. Учурда Алматы шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө. (SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG