Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Оппозиция Балыкчы сотунун өкүмүнө каршы даттанбайт


Бул тууралуу Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Ал Балыкчы окуясы боюнча соттолуп жаткандардын жактоочусу катары бул иш боюнча мындан ары эч кандай сотко аппеляциялык арыз менен кайрылбастыгын, кайрылса да эч кандай майнап чыкпастыгын, оппозиция өкүлдөрү жана жактоочулар бүгүн ушундай чечимге келишкенин маалым кылды. “Жаңы жылдан кийин эми өзүбүздүн жолубуз менен азыркы бийликке каршы жаңыча саясий күрөш баштайбыз”-дейт Азимбек Бекназров.

Балыкчыда президенттик шайлоого тоскоол болду, баш-аламандык уюштуруп, Конститутциялык түзүлүшкө шек келтирди деген айып менен соттолгон 18 адамдын 11и азыр камакта, шарттуу кесилген анын жетөө өкүм күчүнө кирсе 10 күндөн кийин үйүнө чыгып, жалпы 14 адам 2-3 жыл жашаган жеринен сыртка чыгуу укугунан ажырайт.

Балыкчы жаңжалы боюнча кечээ 4 айыпталуучу 4 жылга эркинен ажыратылып, 14 адам 2-3 жылга шарттуу кесилген. (SA)

XS
SM
MD
LG