Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Жекшембиде Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтөт


Өлкө парламенти – Олий Межлистин төмөнкү палатасындагы 150 мандаттын 15и автоматтык түрдө Өзбекстандын экологиялык кыймылына ыйгарылган. Шайлоочулар жекшембиде калган 135 мандаттын ээлери үчүн добуш бермекчи. Шайлоого катышууга расмий каттоодон өткөн төрт гана партия уруксат алган. Оппозициядагы партиялар болсо мурдагыдай эле шайлоого катыштырылган жок. “Фридом Хаус”, “Хьюман Райтс Уочт” өңдүү эл аралык уюмдар ушул аптада Өзбекстанда шайлоону утурлай адам укугун коргоочу активисттерге куугунтук күчөгөнү тууралуу билдиришкен. Ага катар “Фридом Хаус” уюму расмий Ташкентти жарандык коомго каршы багытталган катаал жана узактан берки репрессиясын өзгөртүү боюнча кандайдыр бир ишенимдүү чара көрбөгөнү үчүн да айыптаган.

XS
SM
MD
LG