Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:37

Кыргызстан жазуучулары мунаса издешүүдө


Кечээ Жазуучулар биримдигин учурда башкарып турган тарап менен ага каршы чыгып жаткан тараптын өкүлдөрү жолугушту. Жолугушуу эки маселени аныктады. Биринчиси, жакында курултай өткөрүп, легитимдүү жетекчиликти шайлоо, экинчиси, кийин Жазуучулар Биримдигинин 75 жылдыгын өткөрүү . Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн курултайды уюштуруу комиссиясы түзүлдү. Комиссияга эки тараптан жетиден өкүл кирди. Уюштуруу комиссиясы ишке дүйшөмбүдө киришмей болду. Уюштуруу иштерин эки тараптан 15тен өкүл кирген макулдашуу комиссиясы көзөмөлдөп турат.
Мунасага келүү максатын көздөгөн бул жолугушууну Маданият агенттигинин директору Султан Раев уюштуруп, ага президенттин катчылыгынан жана кыргыз өкмөтүнөн өкүлдөр катышты.

Жазуучулар Биримдигинде пикир келишпестик Омор Султанов төрагалыктан кетип, анын ордуна Абдырахман Алымбаев келгенден кийин башталган. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG