Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:28

Совет аскерлери Ооганстанга киргенине 30 жыл толду


Бул окуя 1979-жылдын 27-декабрында советтик армиянын атайын күчтөрүнүн Кабулдун чет жакасындагы Тайбег сарайына чабуул жасоосу менен башталган. Анда ооган президенти Хафизулла Аминд жана анын үй-бүлө мүчөлөрү жок кылган эле. Бул тууралуу эртеси өлкөнүн СССР колдогон жаңы лидери Бабрак Кармал тарабынан жарыяланган. Аталган окуянын арты советтик аскерлер менен ооган можахеддеринин тогуз жылдан ашуун убакытка уланган согушу менен коштолду. Анын жүрүшүндө бир миллиондон ашуун оогандын өмүрү кыйылды жана СССР тарап он беш миңден ашуун аскерин жана башка кызматчыларын жоготту. Советтик аскерлер Ооганстандан 1989-жылдын февралына карата чыгарылды. Андан кийинки бийлик вакууму Ооганстанда жарандык согуштун улануусуна алып барды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG