Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:34

Иранда оппозиция жактоочулары менен коопсуздук күчтөрү кагылышты


Оппозициячыл интернет сайттар жарыялаган маалыматтарга караганда, өкмөткө каршы Тегерандагы бүгүнкү демонстрация учурунда коопсуздук күчтөрү ок чыгарышты. Реформаны жактаган веб-сайттардын биринин маалыматына караганда, Тегерандын борбордук Энгелаб аянтынан үч адам коопсуздук күчтөрүнүн огуна кабылып каза тапты. Ал тегерандык укук коргоочу активисттердин бири төртүнчү демонстрантты полицейлер кагылышуу учурунда таяк менен башка чаап өлтүрүшкөн. Күбөлөрдүн айтымында, кагылыштар али уланып жаткандыктан, бул маалыматы башка көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн эмес.

Күбөлөрдүн бири “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун фарси кызматы – Фарда радиосуна телефон аркылуу Тегерандын борборуна чогулган демонстранттарды таратуу аракетинде көздөн жаш агызуучу газ колдонгонун да маалымдады:

-Бул жерге абдан көп адам жыйналды. Мотоцкил минген коопсуздук күчтөрү топко кол салды. Мен алардын 100-150 чактысын көрүп турам. Адамдар таштанды салынган үкөктөрдүн бир нечесин өртөп жиберишти. Алар диктатурага жана Ислам республикасынын лидерине каршы ураан-чакырыктарды айтууга аракеттенишүүдө.

Демонстранттар менен оппозиция жакточулары Иранда кечээ да кагылышкан. Окуя Иран Ашура диний майрамы белгилеп жаткан учурга туш келди. Анын жүрүшүндө шийиттер Мухаммед пайгамбардын 680-жылы курман болгон небереси Имам Хуссеинди эскерип, аза күтүшөт. Бул диний жөрөлгө бүгүн соңуна чыкмак. Бүгүн ошондой эле Ирандагы азыркы режимдин сынчысы болгон улуу аятолла Хуссеин Али Монтазеринин жетилиги. Демонстрациялар Исфахан, Шираз, Кум, Нажафабад шаарларында да болгону кабарланды.

XS
SM
MD
LG