Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

Мекемелерде тыюу салынган диний китептер таркатылууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” ЖК депутаты Максат Кунакунов жекшембиде маалым кылды. Депутаттын айтымында, 26-декабрда Жогорку Кеңештин имаратында куран китебинин кыргызча котормосу жана CD дисктер таркатылган. Ал материалдардын тутумунда “Ахмадийа” мусулман коомчулугунун миссиясын даңктаган жазуулар да болгон. Ушул эле басылманы Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы колдонууга жараксыз деп тааныган болчу. Ал эми өлкөдөгү мусулмандардын бир даары исламдын бул агымын өз алдынча секта катары эсептейт.
Депутат М.Кунакунов парламентарийлерди жана Өкмөттүн тишелүү органдарын коомчулукту идеологиялык диверсиядан сактоого чакырган.
Ошол эле учурда Кыргызстандын секулярдык (лайык) турумун сактоону жактагандар жана укук коргоочулар ар кандай диний ишенимдердин өкүлдөрү өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу деп санашат. (SA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG