Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

Б.Обама авиакаттам коопсуздугун күчөтүүнү тапшырды


Кошмо Штаттарынын президенти Барака Обама авиакаттамдардагы коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырды. 23 жаштагы нигериялык Абдулмутталиб Амстердамдан Детройтко учуп барган лайнерди жардырууга аракет кылган маалда кармалган болчу. Анын атасы Умар Фарук Абдулмуталлиб баласынын АКШга карата ойлору терс экенин өткөн айда эле АКШнын Нигериядагы элчилигине билдирген экен, бирок ошого карабай ал Кошмо Штаттарына виза алууга мүмкүнчүлүк тапкан. Ак үйдүн өкүлү Роберт Гиббстин айтымында, эми АКШга учууга тыюу салына тургандардын тизмесин түзүү принциптери катаал болмокчу.

Соңку маалыматтар боюнча Амстердамдан Детройтко ошол эле маршрут менен каттаган лайнерде кечээ дагы адаттан тыш окуя болду. Бир жүргүнчү дааратканада бир сааттай болгондо ага карата шек саноо күчөгөн. Бирок аны кийин текшеришкенде анын жанынан эч кандай жардыруучу же башка коркунучтуу заттар табылган жок.

XS
SM
MD
LG