Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:57

Ирандагы кагылышуудан 5 адам каза тапты


Ирандын борбору Тегеранда оппозициянын тарапкерлери менен полициянын кечээки кагылышуусунан 5 адам каза тапты. 300дөй демонстранттар камакка алынды. Каза болгондордун арасында президенттикке быйыл оппозиция атынан талапкер болгон Мир Хоссеин Мусавинин жээни Али Мусави да бар. Полиция демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Ошол эле маалда кагылышуу улам барган сайын курч мүнөзгө өтүп баратканы кабарланууда.

Тегерандагы кагылышуулар шийиттердин Ашура дин майрамына жана оппозициянын руханий жолбашчысы Улуу аятолла Хоссеин Али Монтазеринин жетилигине тушташ болуп отурат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG