Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Данияр Үсөнов Ташкенде газ боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө


Кыргыз өкмөт башчысы Данияр Үсөнов бүгүн Ташкенде Өзбекстан өкмөту менен бирге газ сатып алуу маселесин талкуулады. Талкуу эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиянын 7-отурумунун алкагында өттү. Өкмөт башчы менен кошо Ташкенде учурда Энергетика министри Ильяс Давыдов жана Кыргыз газ ишканасынын жетекчиси Саламат Айтикеев жүрөт. Кыргызстанга газ сатуу боюнча кандай тыянакка келгендиги тууралуу маалымат таратыла элек. Өткөн жылы Узтрансгаз ишканасы Кыргызстанга 650 миллион кубометр газдын 1000 кубун 240 доллардан саткан. Кыргызстан анын жарымын сатып алган. Бул тууралуу “Кыргызгаздан” бүгүн маалымдашты. (GA)

XS
SM
MD
LG