Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

ЖК комитети энерготармакты кошумча каржылоо маселесин карайт


Эл аралык жана парламенттер ортосундагы кызматташтык боюнча комитети бүгүнкү отурумунда Кыргыз Республикасы менен НАТО/Тынчтык үчүн шериктештиктин алкагында кызматташуу боюнча атайын кызматкердин макамы тууралуу каттын долбоорун карайт. Бул боюнча Коргоо министри Б.Калыев баяндама жасайт.

Ушул эле комитетте энергетикалык тармакка тез арада колдоо берүү үчүн кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен эл аралык Өнүгүү ассоцациасынын келишим долбоору талкууланмакчы. Бул боюнча Кыргызстандын энергетика министри И. Давыдовдун баяндамасы угулат.

Ошондой эле комитет кыргыз өкмөтү менен Европалык Шериктештиктин “Фергана өрөөнүндө айыл турмушун жакшыртуу жана социалдык кайра биригүү” боюнча долбоорун талкуулап, бул боюнча унаа жана коммуникация министри Н. Сулайманов маалымдама берет. (GA)

XS
SM
MD
LG