Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Орус ТИМи Кыргызстандагы орус улутундагы жарандарга кол салууларга кабатыр


24-декабрда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз элчиси Райымкул Аттакуровду кабыл алды. Жолугушууда орус тарап соңку кезде Кыргызстанда орус жарандарына карата орун алып жаткан опузалоолорго байланыштуу суроолор көтөрүлгөнүн Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирет. КМШ өлкөлөр институнун Бишкектеги филиалынын директору А.Князевге, «Балт-Инфо» агенттигинин кабарчысы А.Ефграфовго карата кол салууларга, ошондой эле кыргызстандагы коомдук ишмер Г. Павлюктун өлүмүнө Орусиянын ТИМи тынчсыздануу билдирген. Буга дейре Кыргызстандагы орус элчиси В. Власов кыргыз ТИМине бул тууралуу кайрылып, кыргыз тарап бул окуялар боюнча Башпрокуратура иш алып барып жатканын маалымдаган. (EK)

XS
SM
MD
LG