Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Иран: Канга бойолгон Ашура, бийликке азуу салган оппозиция


Иран оппозициясынын тарапкери полициянын күйүп жаткан мотоциклинин жанында. Тегеран. 27-декабрь 2009
Иран оппозициясынын тарапкери полициянын күйүп жаткан мотоциклинин жанында. Тегеран. 27-декабрь 2009

Шийиттердин Ашура майрамы Тегеранда кандуу булоон менен коштолду. Коопсуздук күчтөрү менен оппозиция тарапкерлеринин кагылышуусунда 8 киши курман болду.

Жекшемби күнкү (27-декабрдагы) Ашура майрамы учурундагы Тегерандагы калаба, көпчүлүк байкоочулардын айтымында, жайкы президенттик шайлоодон бери уланып келаткан бийлик-оппозиция ортосундагы тирешүүлөрдөгү бурулуш учур болду.

Соңку 100 жылда Ашурада өкмөт элге каршы ок аткан эмес. А бул өкмөт атты.



Тегеран. Ирандын коопсуздук күчтөрүнүн 27-декабрда оппозиция тарапкерлери менен кагылышта жарадар болгон мүчөлөрү.
Ашура - шийит динзарлары үчүн Мухаммед пайгамбардын шейит өлгөн небереси Имам Хусейнди эскерүү күнү. Жылдагыдан айырмаланып, эларалык телеканалдар жекшемби (27-декабр) күнү Ашура майрамын эмес, Тегерандын ортолугундагы кандуу калабаны көрсөттү. Адатта диний ураандарды кыйкырчу динзарлар бул ирет Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейиге акаарат айтышып, атүгүл кээ бирөөлөр Аятолланы “киши өлтүргүч” деп аташты. Күбөлөрдүн сөзүнчө, коопсуздук күчтөрү элди желим таяктар менен ур-токмокко алды жана аларды таркатууда көздөн жаш агызчу газ колдонду.

Бийлик жана оппозиция: "Ким кимди жеңет?"

Жекшемби күнкү байтак шаардагы кагылышта 8 киши, анын ичинде оппозиция лидери Мир Хусейн Мусавинин жакын тууганы, 35 жаштагы Али Мусавинин набыт болгону маалымдалды. Мусави жайкы президенттик шайлоодо президент Ахмадинежаддын негизги атаандашы болгон.
Тегеранда коопсуздук күчтөрү менен болгон таймашта жарадар болгон оппозиция мүчөсү "Биз жеңебиз" деген белгини көрсөтүүдө.


Жайкы талаштуу президенттик шайлоодон бери коопсуздук күчтөрү менен оппозициядагы Жашылдар кыймылынын жактоочулары арасында бу күнкүдөй тирешүү боло элек болчу.

Оппозициясынын эсебинче, буга чейинки кагылышууларда, анын ичинде Басижи милициясынын бекетине кол салууну кошо алганда, 72 киши курман болгон. Мурда күч бийлик тарапта болуп, оппозиция тынч демонстрацияга чыкса, жекшемби күнү оппозиция тарабындагылар коопсуздук күчтөрүн омуроолоп кетип жатты.

Полиция 300дөй адам камакка алынганын билдирди. Оппозициянын Parlemannews сайтынын кабарлашынча, жекшемби күнү оппозициянын көрүнүктүү жети өкүлү, алардын ичинде Мусавинин үч жардамчысы, таанымал укук коргоочу Имад Багы жана Ирандын мурдакы тышкы иштер министри Ибрагим Йезди да бар.

Акыркы 100 жылда атылбаган ок атылды

Парижде жашаган ирандык саясатчы Али Кештгардын “Фарда” радиосуна айтышынча, Ашурада элге ок атуу Ирандын жаңы тарыхында
Оопозициянын тарапкерлери полициянын атайын күчтөрүн ташбараңга алышууда. Тегеран. 27-декабр, 2009-ж.
мурда болуп көрбөгөн окуя катары катталды:

- Элге окту тарапкерлери диний каада-салттардын коргоочусу деп атаган, өздөрүн Имам Хусейндин өкмөтүбүз деген жетекчилик аттырды. Соңку 100 жылда Ашурада өкмөт элге каршы ок аткан эмес. А бул өкмөт элди атты.

Иран парламентинин мурдакы төрагасы, оппозиция лидери Мехди Каруби жекшемби күнү кечинде жасаган билдирүүсүндө 1979-жылкы Ислам ынкылабы бийликтен алып түшкөн шах Реза Шах Пехлави да Ашураны сыйлаганын бийликтин эсине салды.

“Жетекчилик Ашурада элди канга боеп, ажаал топторду элге каршы тукуруп жаткандан кийин биз эмне болобуз?” деп жазат Мехди Каруби оппозициянын сайтында.

Каруби да жайкы шайлоодо президенттикке ат салышкан.

Иран оппозициясы бийликке "тиш салды"

Демонстранттар полиция жана коопсуздук күчтөрү менен тайманбай беттешип, аларды кармап алып, автомобиль-мотоциклдерине өрт
Италия. Римде жашаган ирандык студенттер Иран элчилиги алдында демонстрация өткөрүшүүдө. Рим. 2009-ж., 27-декабр.
коюп жатканын атуулдар тартып алган видеотасмалардан көрүүгө болот. Муну, белгисиз калуунун каалаган тегерандык журналист “Азаттыкка” берген интервюда “бийликке каршы күрөштөгү жаңы көрүнүш” деп атады:

- Демонстранттар полициянын күчтөрүнө жана коопсуздук кызматынын агенттерине каршы турушту жана алар менен таймаша алаарын, атүгүл адебин берүүгө жарай турганын далилдеди. Бул Жашылдар кыймылындагы жаңы жөрөлгө деп ойлойм. Ким өлкөнүн тагдырын ойлосо, буга кулак салып, жаңы кан төгүүлөрдү болтурбашы керек.

Жекшемби күнү Тегерандан башка да Кум, Исфахан, Нажафабад жана Ширазда болгон нааразылык жыйындар (демонстрациялар) оппозиция төө кушчасынан башын кумга катып, коркуп калбастыгын айгинеледи. Али Кештгардын пикиринче, азыр
Ирандын диний жетекчилиги алдында эки жол турат:

- Хаменейи элдин талабын угуп, бийликтен кетиши шарт же Ислам жетекчилиги кыйрайт.

Шийиттердин ыйык майрамы - Ашура күнкү кандуу таймаш, Али Кештгардын баамында, “Ислам Республикасында элди кысмакка алуу саясаты ойрон болгонун айкын кылды”.

Ал эми тегерандык диниятчы- саясатчы Мортеза Каземияндын баамында, диний жетекчиликтин экстремистчил канаты “оппозицияны кандай гана баа менен болбосун талкалайбыз” деп, өтө чечкиндүү такаат кылууга даяр.

XS
SM
MD
LG