Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Ташкентте кыргыз-өзбек сүйлөшүүсү болду


Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 28-декабрда премьер-министр Данияр Үсөнов баштаган делегация Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөт аралык комиссиянын жетинчи кеңешмесине катышты. Ташкентте беш жылдык тыныгуудан кийин өкмөт аралык комиссия ишин жандандырды. Бул комиссияны премьер-министр Данияр Үсөнов менен Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орун басары, каржы министри Рустам Азимов жетектеди. Анда соода-экономикалык, суу-энергетикалык, гуманитардык, илимий-техникалык, бажы, миграция жана укуктук тармак боюнча кызматташууну кеңейтүү маселеси каралды. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө башчыларынын сүйлөшүп келишкендигине ылайык, чек араны делимитациялоо жана деморкациялоо маселеси көтөрүлдү. 2009-жылдын 11 айында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 140 миллион долларды түзгөндүгү, бирок бул көрсөткүч эки тарапты тең канаатандырбастыгы белгиленди. Экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө эки өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан макулдашылган 2007-2011-жылдардын программасынын алкагындагы келишимди турмушка ашыруу чарасын көрүү керектиги козголду. Эки өлкөнүн өкүлдөрү мамлекеттик чек аралардан өткөрүү пункттарындагы маселени эл аралык келишимдерге ылайык белгиленген келишүүлөргө жетишти. (AJ)

XS
SM
MD
LG