Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:20

Бишкекте жетим балдар үчүн борбор ачылды


29-декабрда Бишкекте ата-энеси жок, таланттуу балдар үчүн тарбия берүү жана окутуу борбору ачылды. Анын ачылыш аземине Кыргызстандын биринчи айымы Татьяна Бакиева катышты. Борборго кире бериш жерде биринчи айымды билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев жана Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев тосуп алышты.

Т. Бакиева менен Н. Түлеев адатта азем учурунда кесилчү тасманын ордуна термени чечип, андагы тумарларды алып, балдарга белекке беришти.

Иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Т. Бакиева: “Бардык балдар жактырган, чыдамсыздык менен күткөн майрам – Жаңы жылдын алдында биз ушул борборду ачып отурабыз. Ал өзүнүн тарбиялануучулары үчүн өз үйүндөй болуп, бул жерде алар ишенимдүү досторду, сүйүктүү мугалимдерин таап алышат деп үмүттөнөм”, - деди.

Жетим балдар үчүн жаңы ачылган борбор 50 окуучуга эсептелинип, анда балдарды төрт маал тамак менен камсыздоо каралган. Борбор толугу менен президенттин Билим берүү фондусунун эсебинен корпустук эмерек, турмуш-тиричилик техникасы, спорттук инвентарь, компьютердик класс жана мультимедиялык жабдуулар менен камсыздалган. (EK)

XS
SM
MD
LG