Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:00

И.Каримов кыргыз өкмөт башчысын жылуу кабыл алды


Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, премьер-министр Данияр Үсөнов Өзбекстанга болгон расмий иш-сапарынын алкагында 28-декабрда президент Ислам Каримов менен кездешти. Өзбек өлкө башчысы кызмат ордуна жакында эле дайындалган кыргыз өкмөт башчысын куттуктап, президент Курманбек Бакиев жана кыргыз элине урматы чоң экенин билдирген. “Кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиянын жыйын өткөрүү демилгеси эки тараптуу кызматташууну чыңоодо маанилүү ишара.” – деген өзбек президенти. Жолугушуу маалында аймакта суу жана энергетика боюнча тең салмактуулукту кармоо үчүн эл аралык көз карандысыз экспертиза өткөрүү боюнча сөздөр жүргөн. Мындан тышкары соңку кезде бир аз солгундап бараткан кыргыз-өзбек кызматташтык мамилесин конструктивдүү негизде ыкка келтирүү боюнча да ойлор ортого салынган. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG