Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Москвада кыргызстандык эки аял ур-тепкиден каза тапты


Бул тууралуу Орусиядагы кыргыз элчиси Райымкул Аттокуров “Азаттыкка” билдирди. Москва шаарынын Рязань районунун криминалдык милиция жетекчилиги 28-декабрга кыргыз элчисине чыгып, азиат келбетиндеги эки аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу кабарлаган. Окская көчөсүндө жайгашкан гараждардын биринде 1973-жылы Баткендин Лейлек районунда туулган Рано Ташболотованын жана аты-жөнү такталбаган дагы бир кыргызстандык болушу мүмкүн деген аялдын денеси муздагандан кийин табылган. Окуя болгон жерде спирт ичимдиги табылгандыктан каза тапкандар кылмышкерлер менен тааныш болгондугу тууралуу божомолдор болууда. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун кыргыз элчилиги билдирет. (EK)

XS
SM
MD
LG