Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

ИИМ: Казак тараптан расмий кайрылуу келе элек


Кечээ Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Алматыда мерт болгон кыргыз жараны Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу тергеп-тескөө амалдарынын натыйжасында бул кылмышка Кыргызстандын бир канча жарандарынын тиешеси бар экени аныкталганын маалымдаган. Казак ИИМи журналисттин өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында казак полициясы тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы, аны менен бирге топтолгон маалыматтар менен далилдерди кыргыз тараптын тиешелүү кызматтарына берүү маселеси чечилип жатканын кабарлаган эле. Бирок бүгүн Кыргызстандын ички иштер министринин биринчи орун басары, генерал-майор Сабырбек Курманалиев маалымат жыйынын өткөрүп, казак кесиптештеринен Павлюктун өлүмүнө байланыштуу эч кандай расмий кайрылуу келе электигин билдирди.

Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюкту 16-декабрда Алматынын Фурманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатынан белгисиз бирөөлөр ыргытып жиберишкен. Ал ооруканада оор абалда эсине келбей жатып, 22-декабрда кайтыш болгон эле.

Кыргызстандык оппозициялык саясатчылар журналисттин өлүмүн кесиптик ишмердиги менен байланыштырып, бул ишти саясий буюртма катары баалашууда.(EK)

XS
SM
MD
LG