Орусия менен Украина бүгүн орус газын Европага жөнөтүүнүн транзиттик баасы боюнча мунасага келишкенин билдиришкен. “Нафтогаздан” кабарлашкандай, орус газын Украинанын аймагы аркылуу Европага алып өтүүгө транзиттик баа келерки жылы азыркыдан 30% көтөрүлө турган болду жана эсеп-кысап эми доллар менен эмес, евро менен жүргүзүлөт. Тараптар Жаңы Жылдык майрам күндөрү буга чейинкидей проблема болбой турганын Еврокомиссияга да ырасканын билдиришти.