Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

Павлюкту өлтүрүүгө кыргыз жарандарынын тиешеси бар


Киши колдуу өлгөн журналисттер - Саипов Алишер, Павлюк Геннадий. Кезекте ким?
Киши колдуу өлгөн журналисттер - Саипов Алишер, Павлюк Геннадий. Кезекте ким?

Казакстандын Ички иштер министрлиги Геннадий Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын бир катар жарандарынын тиешеси бар экенин аныктады. Азыркы учурда казак тарап журналисттин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иштин материалдарын Кыргызстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берүү маселесин чечүүдө.

Кыргызстандын ички иштер министринин биринчи орун басары генерал-майор Сабырбек Курманалиев маалымат жыйынында казакстандык кесиптештери тараткан маалыматка карата мындайча түшүндүрмө берди:

- Бүгүнкү күндө бизге же Башкы Прокуратурага казактардын милициясынан же прокуратурасынан расмий түрдө эч кандай тапшырма келген жок. Биздин жарандар ошол жактан кармалды, же кылмышка шектүү делген эч кандай маалымат келген жок. Эгерде биздин жарандар шектүү делсе биз алар менен дайым тыгыз байланыштабыз. Геннадий Павлюк каза тапкандан баштап биз Казакстандык кылмышты иликтөө департаменти менен тыгыз байланышта иштеп жатабыз. Бирок эч кандай маалымат келе элек.

Министрдин орун басары Геннадий Павлюк Казакстандын аймагында өлтүрүлгөндүктөн, Кыргызстанда кылмыш ишин ачууга негиз жок экендигин билдирди.

Буга чейин казакстандык күч органдары Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшү тууралуу тергеп-тескөө иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында маалыматтар менен далилдер топтолгонунун маалымдашкан. Ал эми бүгүн Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Куанышбек Жуманов “Азаттыктын” казак кызматына бул кылмышка катыштуу бир нече кыргыз жарандарынын аныкталганын, тергөө кызыкчылыгында алардын аты-жөнү айтылбай турганын жана аларды кыргыз тарапка өткөрүп берүү жөнүндө маселе чечилип жатканын билдирди.

22-декабрда Алматыда ооруканада көз жумган журналисттин кесиптештери бул иш атайын уюштурулган саясий буюртма деп божомолдошот. Бул жөнүндө “Аргументы и факты” гезитинин журналисти Елена Мешкова “”Азаттыкка” берген маегинде айткан болчу:

Билесизби, бул окуяны атайын эле саясий таризде киши өлтүрүү болду деп айтса болот. Ал түз адам болгон жана чындыкты көп жазчу. Мына ошентип чындыкты жазгандыгы үчүн эми минтип каза болуп отурат.

Елена Мешкова
- Буга чейин ага коркутуулар болгон. Анан 50 жашында адам мурас кагаз жазбайт да. Ошондуктан ал атайын келип мурас кагаз жазып кеткендигине караганда өзүнүн өмүрүнө олуттуу коркунуч туулуп жаткандыгын билген. Ал мурас кагаз жазгандан кийин, “эгерде мен каза болсом, менин сөөгүмдү Чолпон-Атага койгула” деп айткан экен. Билесизби, бул окуяны атайын эле саясий таризде киши өлтүрүү болду деп айтса болот. Ал түз адам болгон жана чындыкты көп жазчу. Мына ошентип чындыкты жазгандыгы үчүн эми минтип каза болуп отурат.

Ал эми Кыргызстандын ички иштер министри Молдомуса Конгантиев өткөн жумада Жогоку Кеңеште соңку учурда кылмыштарга саясий боек сүртүү адатта айланып баратат деп сынга алды:

- Кыргызстанда кандайдыр бир кылмыш болсо кээ бир саясий партия болобу, оппозициялык өкүл тарабынан болобу ал кылмыштарга саясий баа берүү башталды. Бул адатка айланды деп койсок болот. Мына журналисттер боюнча айтып коён. Ким урганын, ким өлтүргөнүн же болбосо ким буюртма бергенин айтайт дагы бийлик буга айыптуу деп атышат. Мындай айтканга эч кандай себеп жок.

Соңку учурда Кыргызстандагы журналисттер көп сабалып, ал тургай өлүмгө дуушар болуп жатканын айтып эл аралык коомчулук коңгуроо кагууда. 24-декабрда Орусиянын ТИМи Кыргызстандын Москвадагы элчисин Райымкул Аттокуровду чакырып, Кыргызстанда орус жарандарына карата орун алып жаткан опузалоолорго тынчсыздануусун билдирген.

Буга декабрь айында саясий серепчи А.Князевге, «Балт-Инфо» агенттигинин кабарчысы А.Ефграфовго карата кол салуулар, Алматыда белгисиз жагдайда болгон Геннадий Павлюктун өлүмү менен коштолгону негиз болгон шекилдүү.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG