Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

“Эл арманы” партиясын каттоодон баш тартылууда


Партиянын тең төрагасы Мирослав Ниязовдун “Азаттыка” билдирүүсүнө караганда, алар партияны каттоо үчүн Юстиция министрлигине июнь айынан бери сегиз жолу документтерин тапшырды. Министрлик каттабоонун себебин партиянын уставында Конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга чакырык бар деп түшүндүргөн. “Ал эми биздин уставда бийлик элге каршы саясат жүргүзсө,эл аны алып түшүүгө укуктуу” деп жазылган, мындай чакырыктар нормалдуу көрүнүш, дейт Ниязов. Юстиция министрлиги катоодон баш тартып жатуусуна карабай жакынкы күндөрү тогузунчу ирет документтерди тапшырдык, деп кошумчалады Мирослав Ниязов. (AiT)

XS
SM
MD
LG