Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:50

Петровка окуясы боюнча сот 12-январда улантылат


Бул тууралуу адвокат Александр Типеров билдирди. Анын айтымында, 29-декабрда соттук жараянда Москва районунун мурунку акими Девтагы Аринов жана жергиликтүү тургундар күбө катары көрсөтмө беришти. Аринов Петровка жаңжалынын чыгышы үчүн күнөөсү бар экенин моюндаган. Ишти карап жаткан судья 12-январда соттук териштирүүнү улантууну чечти. Белгилүү болгондой апрель айында Петровка айылында орун алган баш-аламандык үчүн “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бүлекбаев, Сапар Аргымбаев жана Уран Рыскулов айыпталууда. Бирок алар айыптоолорду четке кагып, саясий ишмердүүлүгү үчүн куугунтукталып жатышканын билдирүүдө.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG