Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Барак Обама коопсуздук чараларын сынга алды


Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама 25-декабрда Амстердам-Детройт багытындагы лайнердеги окуя коопсуздук чараларынын системалык түрдө аксап жатканын көргөздү, деп билдирди.

«Акыркы 24 сааттагы маалыматтарда Крисмас маалындагы шектелүүчүнүн атасы Африкадагы биздин чиновниктерге баласынын экстремисттик көз-карашы тууралу эскерткен. Ал маалымат биздин чалгындоо кызматтарыбызга жеткени менен ал талап кылынгандай деңгээлде иштетилбептир, анын аркасында шектелүүчү АКШга учууга тыюу салынган адамдар тизмесине киргизилген эмес экен», - деди Барак Обама.

23 жаштагы нигериялык Умар Фарук Абдулмутталибдин АКШга карата экстремисттик ойдо жүргөнү мурда эле белгилүү болгонуна карабай, анын АКШга учканга мүмкүнчүлүк алганын президент Барак Обама «коопсуздук эрежелеринин таптакыр сакталбай жатканынан кабар берет» деп баалады. Шектелип аткан Абдулмутталиб Лагос менен Амстердамдагы аэропорттордон жардыруучу затты кантип алып өткөнү азыр иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG