Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Иранда таасирлүү аятолла оппозицияга өлүм каалады


Ирандын таасирлүү аятолласы Аббас Ваез Табаси оппозиция лидерлерин «Кудайдын душманы» катары баалап, шарыят мыйзамдары боюнча алар өлүмгө татыктуу экенин билдирди.
Ал арада полиция менен демонстанттардын жекшембидеги кагылышуусу маалында каза тапкан сегиз адамдын катарындагы оппозиция лидери Мир Хоссейин Мусавинин жээни бир нече ирет «биз сени өлтүрөбүз» деген коркутуу алганы аныкталды.
Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад болсо демонстранттардын наарызылык акциясын АКШ менен Израиль уюштурду деп, батыш мамлекеттерин сынга алды. Кечээ Британиянын Тегерандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылган болчу. Акцияларга тиешеси жоктугун айткан Батыш демонстранттарга күч колдогону үчүн Иран бийлигин сынга алууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG