Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Т. Исмаилова: Мыйзамдардын 75 пайызы адамдарга каршы


“Атуулдук коом коррупцияга каршы” уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилова 2009-жылы Кыргызстанда адам укуктары жаатындагы абал эң бир кейиштүү болду деп эсептейт.

- Саламатсызбы Төлөйкан айым! Мына жыл соңунда эл аралык деңгээлде сыйлык алып, ишмердүүлүгүңүз жогору бааланып жатат. Ал эми өлкөдө адам укуктарынын абалына кандай баа бересиз?

- 2009-жылы саясий гана укуктар эмес, жарандардын социалдык-экономикалык укуктары жагынан аябай драматикалык абалга келдик. Анткени парламенттеги бүдөмүк чечимдерди талдоого алганда мыйзамдардын 75 пайызы адамдарга каршы кабыл алынган. Конституция түздөн түз бузулган.

Деги эле ушул быйылкы шайлоо болбой эле койсо болмок. Анткени Кыргызстандын тарыхында эң бир кандуу, эң бир жаман, адам укугун чектеген ушул шайлоо болду. Балыкчыда, Петровкада мына бүгүнкү күндө саясий куугунтукта жүргөн адамдар жүздөп саналат.

Экинчи маселе, социалдык экономикалык укуктар чектелиши биздин турмушубузду кризиске алып келип атат. Жанакы менчиктештирүү саясатын карагыла, мурунку ууруларды бүгүнкү күндө парламент бошотуп атат. Бул деген накта коррупцияны легализация кылууга барабар болуп атат да.

Экинчи жактан, бүгүнкү күндө жыйырма бир миң үч жүз бала жугуштуу оорулар менен ооруйт. Түштүк жергесинде СПИД оорусу аябай күчөп атат. Ошон үчүн билим берүү, медицина тармактары аябай коррупцияга малынып, адамдардын укугу бүгүнкү күндө тепселип атат.

- Кыргызстандагы укук коргоочулар мурда саясий окуяларга активдүү катышып келишчү эле, акыркы мезгилде укук коргоочулар түздөн-түз укук коргоо багытына көңүл буруп жатканы байкалып жатат.

- Эң жакшы сиздин анализ. Анткени бүгүнкү күндө биз анализ жасасак, бюджетти коррупция басып, тышкы финансылык институттар, банктар чырмалышып кеткен биздин чиновниктер менен. Ар бир чиновник бүгүнкү күндө отуруп алып ошол гранттарга иштеп атат. Бюджетке эч бир көңүл бурбайт.

XS
SM
MD
LG