Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Акыйкатчы институтунда гендердик өнүгүү боюнча кеңеш түзүлөт


Бүгүн Акыйкатчы Турсунбек Акун мындай кеңеш түзүү тууралуу жардыкка кол койду. Аталган кеңештин максаты мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун адам укугун коргоо, гендердик өнүгүү жаатта биргелешип аракет көрүүсүн чыңдоо болуп саналат. Бул тууралуу Акыйкатчы институнунун маалымат кызматы билдирди. Аталган институттун алдында азыр Укук коргоочулар кеңеши жана жана Жаштардын жана студенттердин укугун коргоо боюнча кеңеш түзүлүп иштеп жатат. Алардын максаты мамлекеттик башкы укук коргоо органы менен өлкөдөгү калктын калың катмарына көпүрө болуу, баарлашуу аянтчасын түзүү болуп эсептелет. (EBM)

XS
SM
MD
LG